"TRAVELEXPO ANKARA" 5-Эл аралык саякат жана туризм көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү

2022-жылдын 3-мартында Анкарада, «ATO Congresium» көргөзмө борборунда "TRAVELEXPO ANKARA" аттуу 5-Эл аралык саякат жана туризм көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү жана анда 25тен ашык чет өлкөдөн туристтик компаниялар жана операторлор, Анкарада жайгашкан 16 чет мамлекеттердин элчиликтери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги катышышты.

Иш-чаранын ачылышына Элчи Кубанычбек Өмүралиев, Анкара провинциясынын Губернатору Васип Шахин, муниципалитеттердин башчылары, Анкара шаарынын жана Түркиянын башка провинцияларынын Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери катышышты.

Көргөзмөнүн ачылышында Элчиликтин стендине Анкара провинциясынын Губернатору В.Шахин жетектеген расмий өкүлдөр келип, таанышышты. Элчи Өмүралиев конокторго Кыргызстан, анын туристтик потенциалы, стендге коюлган кыргыз маданиятындагы жана элдик турмушундагы буюмдар жөнүндө маалымат берди.

Көргөзмө 2022-жылдын 7-мартына чейин өтөт.

Маалымат үчүн: «TRAVELEXPO ANKARA» эл аралык саякат жана туризм көргөзмөсү – Түркия Республикасынын Туризм жана Маданият министрлигинин, Анкара Соода палатасынын (ATO), Түркиянын саякат агенттиктеринин ассоциациясынын (TURSAB) колдоосу менен «ATIS Fairs» компаниясы тарабынан уюштурулган жыл сайын өтүүчү туристтик иш-чара. Толук маалымат www.travelexpoankara.com сайтында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK