КРнын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөлөрү КРнын Тышкы иштер министрлигине иш сапары менен келишти

2022-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөлөрү Тышкы иштер министрлигинин ишмердиги менен таанышуу максатында Министрликке иш сапары менен келишти.

Жолугушууда Министр Ж.М. Кулубаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу жана алдыда келе жаткан дүйнөлүк экономикалык кризис шартында Мамлекет башчысы тарабынан дипломатиялык кызматтын алдына койгон тышкы саясий милдеттердин аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

Министр Ж.М. Кулубаев ошондой эле депутаттарга тышкы саясий ведомствонун 2023-жылга карата көп пландуу иши тууралуу маалымат берип, экономикалык дипломатиянын милдеттерин иштеп чыгууга, өлкөгө чет элдик инвестицияларды тартууга көмөктөшүү, ата мекендик экспортту, туристтик потенциалды өнүктүрүүгө, ошондой эле чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого басым жасады.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР Жогорку Кеңешинин депутаттары тышкы миграция, Кыргызстанга инвестиция тартуу, ошондой эле чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүү маселелерине токтолушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK