КРнын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аскар Бешимов Индия Республикасынын Президенти Драупади Мурмуга Ишеним грамотасын тапшырды

2023-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аскар Бешимов Индия Республикасынын Президенти Драупади Мурмуга Ишеним грамотасын тапшырды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө салттуу кыргыз-индия стратегиялык өнөктөштүктүн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Индиянын Президенти Драупади Мурму Элчи Аскар Бешимовду куттуктап, Индия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого ийгилик жана жемиштүү иш каалады. Президент билим берүү тармагындагы кызматташуунун жогорку деңгээлин өзгөчө белгилеп, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда 15 миңден ашуун индиялык студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүнө ыраазычылыгын билдирди.

Элчи А.Бешимов Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун айтып, кыргыз-индиялык эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Д.Мурму С.Жапаровго саламын жана жакшы каалоолорун айтып, Индия тарап анын быйылкы Индияга сапарын чыдамсыздык менен күтүп жатканын баса белгиледи.

А.Бешимов Индиянын ШКУга жана Чоң жыйырмалыкка төрагалыгын эске алуу менен азыркы дүйнөлүк саясий процесстерде Индиянын өзгөчө маанисин баса белгиледи. Бул контекстте тараптар Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердеги үстүбүздөгү жылдын негизги окуяларынын бири Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын июль айында өтүүчү ШКУ саммитине катышуу үчүн иш сапары болорун белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK