Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гулнара-Клара Самат Кыргызстандын Россия Федерациясындагы медицина кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ардак грамоталарын, ошондой эле "Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери" төш белгилерин тапшырды
2021-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гулнара-Клара Самат Кыргызстандын Россия Федерациясындагы медицина кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ардак грамоталарын, ошондой эле "Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери" төш белгилерин тапшырды.
Элчи Г.-К. Самат Россия Федерациясындагы COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө зор салым кошкон кыргызстандык медициналык кызматкерлерге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.