Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Финансы Борборунун (QFC) бизнести өнүктүрүү боюнча Башкаруучу директору Шейха Алануд Хамад Аль-Тани жана Катар Финансы Борборунун (QFC) бизнести өнүктүрүү боюнча Вице-президенти Жахонгир Бурхонов менен жолугушуу өткөрдү

2020-жылдын 21-октябрында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Финансы Борборунун (QFC) бизнести өнүктүрүү боюнча Башкаруучу директору Шейха Алануд Хамад Аль-Тани жана Катар Финансы Борборунун (QFC) бизнести өнүктүрүү боюнча Вице-президенти Жахонгир Бурхонов менен жолугушуу өткөрдү.

Катар Финансы Борбору (QFC) 2005-жылы Катар Мамлекетинин Өкмөтү тарабынан дүйнөлүк деңгээлдеги каржы кызматтарын көрсөтүү жана жайылтуу максатында түзүлгөн. Катар Финансы Борбору, дүйнөдөгү алдыңкы каржы жана ишкердик институттарынын бири катары, ар кайсы финансылык жана финансылык эмес секторлорунан дүйнө жүзү боюнча 800дөн ашуун фирмаларды өзүнө тарткан. Бул нерсе жалпы активдери 20 млрд. АКШ долларынан ашкан 3500 адамдан көп болгон жамаатты түзүүгө алып келди.

Өз ара аракеттенүүнүн бир катар артыкчылыктуу багыттары талкууланды жана ар кандай иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK