Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Турдакун Сыдыков Тегеран шаарында Балык жана деңиз продукцияларынын өндүрүшүнүн «IFEX-2021» Эл аралык көргөзмөсүнө катышты

2021-жылдын 1-ноябрында Ирандын Айыл-чарба министрлигинин чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчиси Турдакун Сыдыков Тегеран шаарында Балык жана деңиз продукцияларынын өндүрүшүнүн «IFEX-2021» Эл аралык көргөзмөсүнө катышты.

Көргөзмөнүн алкагында, Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Т.Сыдыков Ирандын Айыл чарба министринин орун басары – Балык чарба уюмунун жетекчиси Набиаллах Хуун Мирзаи менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда, Кыргыз Элчиси Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын, анын ичинде, айыл-чарба тармагындагы приоритеттүү багыттары жөнүндө маалымдады.

Элчи Т.Сыдыков Кыргызстандан Иранга эт азыктарын жана буурчакты экспорттоо боюнча ийгиликтүү тажрыйба бар экендигин, жана аны андан ары өнүктүрүү маанилүү экендигин белгиледи.

Ошондуктан, Кыргыз Элчиси иран тарапка ар кандай айыл-чарба жана ошондой эле балык продукцияларын өндүрүүчү биргелешкен ишканаларды Кыргызстандын аймагында ачып, ал ишканаларда өндүрүлгөн даяр продуктыларды Борбор Азия, КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоону сунуштады.

Өз кезегинде, Ирандын Айыл чарба министринин орун басары Н.Хуун Мирзаи Балык чарба уюмунун ишмердүүлүгү, балык өндүрүү, жана жалпысынан Ирандын айыл чарба тармагынын бүгүнкү абалы жана келечеги жөнүндө маалымдады.

Н.Хуун Мирзаи иран тараптын балык чарба тармагын өнүктүрүү боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы менен Кыргызстандагы чарбалар менен бөлүшүүгө даярдыгын билдирди. Ошондой эле, иран тарап Кыргыз дипломатиялык миссиясынын жетекчисин Ирандын балык жана деңиз продуктыларын өндүрүүчү алдыңкы чарбалардын ишмердүүлүгү менен таанышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар Кыргызстан жана Иранда өтүүчү бизнес-форум, көргөзмө-жарманкелерде алдыңкы чарбалардын катышуусун камсыздап, айыл чарба жана балык өндүрүү тармактарындагы артыкчылыктуу багыттарда кызматташууну активдештирүү жөнүндө келишишти.

Ушул эле күнү, Кыргызстандын Элчиси 21-чи Тегеран эл аралык электротехника өнөр-жайынын жарманкесине барды жана электротехникалык продукцияны өндүрүүчү ирандык ишканалардын жетишкендиктери менен таанышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK