Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат Тажикстан Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Сатторов менен жолугушуу өткөрдү
2021-жылдын 5-апрелинде Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат Тажикстан Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Сатторов менен жолугушуу өткөрдү.
Маданий-гуманитардык чөйрөдөгү биргелешкен ишмердүүлүктү өркүндөтүүгө, Россия Федерациясындагы эки өлкөнүн диаспораларынын ортосунда байланыштарды түзүүгө жана тажрыйба алмашууга, биргелешкен маданий жана спорттук иш-чараларды уюштурууга багытталган кыргыз-тажик мамилелеринин маселелери талкууланды.
Тараптар кыргыз жана тажик элдеринин ортосундагы болгон достукту чыңдоо үчүн байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө өз ара пикирлерин билдиришти.