Россия Федерациясынын Урал федералдык округунда жашаган кыргызстандыктардын балдары Ысык-Көл облусундагы «Алтын Балалык» эс алуу жана реабилитациялык борборунда эс алышат

2022-жылдын 1-августунан 10-августуна чейин Россия Федерациясынын Урал федералдык округунда жашаган кыргызстандыктардын балдары Ысык-Көл облусундагы «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунда эс алышат.
Бул сапар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечими менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу тарабынан Уралдагы диаспоралык уюмдарынын жардамы менен уюштурулду.

«Алтын балалык» эс алуу борборуна окууда, чыгармачылыкта, спортто жана коомдук-маданий иш-чараларда өзгөчө айырмаланган 100 мекендештин балдары барат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK