Алтынчы саясий департаментинин директору Эрмек Омуралиев «UPT» эл аралык төлөм тутумунун башкы директору Хакан Озат менен жолугушту

Ушул жылдын 26-июлунда экономикалык дипломатияны жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизинде, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин директору Э.Өмүралиев «UPT» эл аралык төлөм тутумунун башкы директору Хакан Озат жана анын командасы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз рыногуна «UPT» компаниясын тартуу жана Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосунда эл аралык акча которуу тутумун түзүү боюнча жумушчу маселелерди талкуулашты. Бул Түркиядагы кыргыз мигранттары үчүн жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн, айрыкча Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын чакан жана орто бизнес ишкерлеринин муктаждыктары үчүн шарт түзүүнү көздөгөн кадам.

Белгилей кетсек, бул 2021-жылдын башынан берки экинчи жолугушуу. Кыргыз Республикасынын рыногуна тартуу процесси башталгандан бери «UPT» компаниясы буга чейин Кыргызстандын айрым банктары менен келишимдерди түзүп, кызматташууну баштагандыгы кубандырат. Тараптар «UPT» эл аралык валюта тутумунун Кыргызстандын рыногуна келишин канааттануу менен белгилешти, анткени ал Кыргызстандын жарандарына банк эсебин ачпай туруп, Түркия шаарларына жана башка эл аралык багыттарга жеңилдетилген тарифтер менен түздөн-түз акча которууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ыңгайлуулугу акча которуулар түздөн-түз жүзөгө ашырыла тургандыгында, бул жөнөтүү убактысын кыскартып, алардын коопсуздугун жогорулатат жана ишенимдүү тарифтердин жардамы менен аны кыйла пайдалуу кылат.

Э. Өмүралиев Кыргыз Республикасында санариптештирүүнү жана банк секторунун кызматтарын кеңейтүүнү мындан ары өркүндөтүү зарылдыгын билдирип, ошондой эле Түркияда болжол менен 30 миңден ашуун кыргыз мигранттары бар экендигин жана соода-экономикалык кызматташтык үчүн олуттуу потенциал бар экендигин белгилеп кетти. Мындан тышкары Э.Өмүралиев «UPT» компаниясын Кыргызстандын рыногуна чыгуусунун жана республиканын банк секторунун өкүлдөрү менен кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.

Э.Өмүралиев бул багытта тараптардын кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, анын компетенциясынын чегинде жардам берүүгө даяр экендигин белгиледи. Жыйынтыгында, «UPT» компаниясына кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн Кыргызстандын Банктар Бирлиги жана Кыргыз Республикасынын бир катар алдыңкы коммерциялык банктары менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK