Үстүбүздөгү жылдын июнь айынан тарта Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруу боюнча макулдашууга жетишилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча, КР Тышкы иштер министрлигинин, Кыргызстандын Кытайдагы Элчилигинин активдүү иш алып баруусунун негизинде тараптар ушул жылдын июнь айынан баштап Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруу боюнча макулдашууга жетишти.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча деталдуу маселелер жакынкы аралыкта эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда макулдашылат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK