Душанбе шаарында «Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун» аттуу эне тилге арналган маданий иш-чара болуп өттү

«Эл аралык эне тил күнүн» өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жарыяланган айлык иш планын аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги «Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун» аттуу маданий иш-чара уюштурду, ага Душанбе шаарындагы ЖОЖдордо окуп жаткан кыргызстандык студенттер катышты.

Бул иш-чарада КРдин ТРдагы Элчилиги кыргыз маданиятын, эне тилин сактоонун жана аны кийинки муунга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле катышуучуларга мамлекеттик тилдин статусу жана анын өнүгүшү тууралуу маалымат берди. Өз кезегинде кыргыз студенттери белгилүү кыргыз акындарынын ырларын окушту.

«Суроо-жооп» форматында пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, кыргыз студенттерине Тажикстандын аймагында жүрүү эрежелери жөнүндө маалымат берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK