Анкаранын борборундагы Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдигинин (TOВВ) эки эгиз эң бийик имараттары Кыргызстандын желегинин түстөрүнө боёлду

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 31-августунда Анкаранын борборундагы Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдигинин (TOВВ) эки эгиз эң бийик имараттары (мунаралары) Кыргызстандын желегинин түстөрүнө боёлду.

Бул акция TOВВ тарабынан Кыргызстандын Түркиядагы Элчилигинин демилгеси менен ишке ашырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK