КРдин Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Алтай Республикасынын Өкмөт башчысынын орун басары менен жолугушту

2023-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Айбек Айдарбеков, Алтай Республикасына жумушчу сапарынын алкагында ал жердин Өкмөт башчысынын орун басары Динара Култуева жана профильдик экономика, маданият, билим берүү, айыл-чарба, туризм министрликтеринин жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Алтай Республикасынын ортосундагы аймактар аралык соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-билим берүү тармактардагы кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды.

КРдин Башкы консулу А.Айдарбеков, тилдик жакындыкты жана тарыхый жалпылыкты эске алып, Кыргызстан Алтай Республикасы менен, анын ичинде «Алтай цивилизациясы жана алтай тилдер үй-бүлөсүнүн тектеш элдери» аттуу эл аралык форумдун алкагында, тарыхый жана маданий байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Жолугушуунун алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты, продукцияны өз ара жеткирүүнү, ошондой эле мал жана айыл чарба тармактардагы кызматташууну активдештирүү зарыл экендиги белгиленди.

Кыргызстанда жигердүү өнүгүп жаткан текстиль жана туризм өнөр жайларын эске алып, А.Айдарбеков бул жаатта эки өлкөнүн адистештирилген ишканалары менен компанияларынын ортосунда кызматташууну түзүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле, А.Айдарбеков Тоолуу-Алтай мамлекеттик университетинин жетекчилиги жана аталган окуу жайда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушуу өткөрүп, билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты арттыруу маселелери талкуулады.

Тоолуу-Алтай мамлекеттик университетинин жетекчилиги Кыргыз Республикасынан келген студенттердин санын көбөйтүүгө кызыкдар экенин билдирип, 2023-жылдын 8-10-июлунда Бишкек шаарында документтерди кабыл алуу боюнча иш-чаралардын өткөрүлүшү тууралуу маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK