Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Калдарали Маматалиев Новосибирск компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту

2020-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Калдарали Маматалиев Кыргызстан менен тыгыз кызматташкан Новосибирск соода, айыл чарба, биотехнология, курулуш, энергетика, химиялык өнөр жай, авиация, инновациялык дары-дармек жана жабдыктарды өндүрүү тармактарында тыгыз кызматташуу жүргүзгөн жергиликтүү компанияларынын (“Оникс”, “Normel”, “Verdaterra”, “БАУ групп”, “Био-Веста”, “Микропро”, “Ренессанс ВИД”, “Скан-Аэро” “Химсервис”, “Росветфарм”)  өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Новосибирск бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги сүйлөшүлдү, ошондой эле өнөктөштөрдү тандоо, Кыргызстандын аймагында биргелешкен ишканаларды ачуу, өз ара сооданы көбөйтүү жана бизнес-миссияларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK