Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Калдарали Маматалиев Новосибирск Экспоборборунда өткөн “Сибирь курулуш жумалыгы” эл аралык курулуш көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

2021-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Калдарали Маматалиев Новосибирск Экспоборборунда өткөн “Сибирь курулуш жумалыгы” эл аралык курулуш көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. Аталган иш-чарага Россия Федерациясынын Президентинин Сибирь федеральдык округундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Россия Федерациясынын субъектеринин өз ара аракеттенүү боюнча региондор аралык “Сибирь келишими” уюмунун өкүлдөрү катышышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Калдарали Маматалиев, көргөзмө Сибирь аймагынын курулуш индустриясынын инновациялык технологиялары жана продукциялар менен таанышуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылып жаткандыгын белгилеп, ошондой эле көргөзмөгө катышуучулардын арасында Кыргызстан менен тыгыз кызматташуу жана кыргыз-россия товар жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө салым кошуп, экспортко багытталган көптөгөн компаниялар бар экендигин белгиледи. Ошондой эле ал, кыйынчылыктарга жана коронавирустук чектөөлөргө карабастан, Кыргызстан менен Россия эки тараптуу кызматташуу жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында стратегиялык экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү улантып жаткандыгын жана кыргыз өнөктөштөр менен түздөн-түз ишкердик байланыштарды түзүүгө көмөктөшөрүн билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK