КР ТИМ Башчысы Ирандын Кыргызстандагы жаңы Элчисин кабыл алды

2020-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасына жаӊыдан дайындалган Иран Ислам Республикасынын Элчиси, мырза Саид Харразиден Ишеним грамоталардын көчүрмөсүн кабыл алды.
Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты жана экономика, соода, инвестиция, туризм жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү мындан аркы өз ара аракеттенүүлөрдүн багыттарын белгилешти. “Тегеран-Бишкек-Тегеран” түз аба каттамынын жандандырылуусу канааттануу менен белгиленди.
Министр Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен элчи С.Харразини куттуктады жана бул жооптуу кызматта ага ийгиликтерди каалады.
Элчи жылуу кабыл алгандыгы үчүн министрге чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди жана эки өлкөнүн ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүү жана өз ара пайдалуу кызматташууну тереӊдетүү, анын ичинде, товаржүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK