КР ТИМ башчысы БУУнун КОВИД-19 боюнча жооп кылуу жана калыбына келтирүү Фондунун Башчысы менен жолугушту

2020-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун КОВИД-19 боюнча жооп кылуу жана калыбына келтирүү Фондунун башчысы Йенс Вандель мырза менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга БУУ тутумунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Озонния Ожиело мырза дагы катышты. 
Маектин жүрүшүндө Министр Ч.Айдарбеков пандемия жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө кирешеси төмөн жана орто деңгээлдеги өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган БУУнун КОВИД-19 боюнча жооп кылуу жана калыбына келтирүү Фондунун түзүлгөндүгү менен куттуктады. Коронавирус жуктурган жарандардын саны кескин көбөйгөндүгүн белгилөө менен, эпидемиологиялык жагдайды турукташтыруу, социалдык милдеттенмелерди аткаруу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана экономиканы калыбына келтирүү сыяктуу актуалдуу милдеттерге көңүл бурду. Мындан улам, ушул маселелер боюнча БУУнун КОВИД-19 боюнча жооп кылуу жана калыбына келтирүү Фонду тарабынан көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. 
ТИМ башчысы коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын БУУнун тутуму менен өз ара аракеттенүүсүнүн ийгиликтүүлүгүн белгиледи. Атап айтканда, ушул жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун БУУнун Башкы катчысы А.Гутерришке кайрылуусуна жооп катары 2020-жылдын май айында финансылык жардам ыкчам келип түшкөндүгү тастыкталды.       
Й.Вандель мырза өлкөдө коронавирустук пандемиянын жайылышына каршы турууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күч аракеттерин оң белгиледи жана бул чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын колдоду. Түзүлүп жаткан кырдаалга байланыштуу тынчсызданууну бөлүшүү менен бирге, КОВИД-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө багышталган чараларды колдоо боюнча биргелешкен ишти улантууга даярдыгын билдирди. Мында, Й.Вандель жардам берүү мүмкүнчүлүгүн кароо үчүн жакынкы убакытта өлкөнүн керектөөлөрүнүн тизмесин түзүү жөнүндө БУУ тутумунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун Кеңсесине кат жөнөтүү пландалып жатканын кабарлады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK