КР ТИМ башчысы КР дипломатиялык кызматынын ардагерлеринин эмгегин жана салымын жогору баалады

2019-жылдын 27- декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун КР дипломатиялык кызматынын ардагерлери менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Министр иштин жыйынтыктары жана келерки жылы пландаштырылып жаткан иш-чаралар тууралуу маалымдады. Ошондой эле өлкөнүн тышкы саясий ведомствосунун ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттары боюнча пикир алмашылды. Жасаган эмгектери, КР дипломатиялык кызматынын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн ардагерлерге ыраазычылык билдирилди.

КР дипломатиялык кызматынын ардагерлери Министрлик жүргүзүп жаткан иштерге позитивдүү баа беришти жана бир катар сунуштарды айтышты.

Министр жана жолугушуунун катышуучулары КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, дипломатиялык кызматтын ардагери Н.К.Кемельбаевди 80 жылдыгына байланыштуу куттукташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK