Бир катар өлкөнүн башчылары Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Биздин боордош элдерибиз эзелтеден бери келе жаткан бул майрамды ынтымак менен биримдиктин салтанаты, жан аябас жакшылыктын жана бакыттын элеси катары өзгөчө жылуу маанай менен тосуп алат. Нооруздун жаркын күндөрү бизге жылуулук тартуулап, ынтымактуу мамлекеттерибизге бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү тартууласын.

Биргелешкен күч-аракеттердин аркасы менен бекем достукка жана ынак коңшулукка негизделген казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы жакын элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да динамикалуу өнүгө берерине ишенем.

Нооруз ар бир үйгө ырыскы, гүлдөп өнүгүү алып келсин!”  - деп айтылат Казакстандын Президентинин куттуктоосунда.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго Кыргызстандын жаркын келечеги жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн бардык жакшы иштерде чоң ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Тарыхы, маданияты, тили жана дини бир боордош элдерибиз адамдарды руханий жактан бириктирген, жүрөктөрүндө улуу сапаттарды ойготкон, гумандуулук, боорукердик идеяларын камтыган Нооруз майрамын кылымдар бою чыдамсыздык менен күтүп, кубаныч менен белгилеп келет.

Биздин дос өлкөлөрүбүздүн ортосунда бардык деңгээлде жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу - өзбек жана кыргыз элдеринин жалпы жыргалчылыгын камсыз кылуу үчүн бекем пайдубал болуп кызмат кылып жатканы бизди чексиз кубандырат.

Биздин бекем саясий эркибиздин аркасы менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк маанайындагы өзбек-кыргыз мамилелери мындан ары да ырааттуу өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат Өзбекстандын Президентинин куттуктоосунда.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде жаңы жеңиштерди, ал эми көп улуттуу кыргыз элине тынчтык жана прогресс каалады.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Өткөн жылдын сентябрь айында Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун Саммитинин алкагында терең жана достук пикир алышуу болуп, кытай-кыргыз мамилелери жана эки өлкөнүн ар түрдүү тармактардагы кызматташуусу боюнча маанилүү консенсуска жетишип, ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн план түзүлгөн», - деп айтылат жолдонгон куттуктоодо.

КЭР Төрагасы кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгилеп, Садыр Жапаровдун ушул жылдын май айында өтө турган биринчи “Кытай - Борбор Азия” саммитине катышуусунун, ошондой эле Кыргызстандын Президентинин Кытайга пландаштырылган мамлекеттик сапарынын алкагында маанилүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгиледи.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бардык баштаган иштерине жакшылык, ал эми дос Кыргызстан элине бакыт жана тынчтык каалады.

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Нооруз - жаратылыштын кайра жаралуусунун, жаңылануунун жана жаратмандыктын жарчысы болуу менен, жалпы адамзат баалуулуктарын - тынчтыкты, гуманизмди жана ынак коңшулукту ичине камтыйт. Бул майрам биздин жалпы мурасыбыз болуп, элдерди жакындатууда маанилүү роль ойноп, мамлекеттер аралык ишенимдүү мамилелерди чыңдоого жардам берет.

Бул жаркыраган майрам Сиз үчүн жана Сиздин өлкөнүн бардык эли үчүн кубаныч, бакыт жана гүлдөп-өнүгүү менен белгиленсин!” — деп айтылат Түркмөнстандын Президентинин куттуктоосунда.

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Бул майрам адамзаттын элдерибиздин маданиятына кошкон баалуу салымы, ошондой эле аруулуктун жана сулуулуктун символу болуп саналат. Нооруз адамдардын жүрөгүнөн түнөк таап, өз ара түшүнүшүүнү, достукту жана биримдикти даңазалайт. Элдерибиздин эрки менен биз мындан ары да азербайжан-кыргыз достугун жана өнөктөштүгүн сактоо жана чыңдоо үчүн биргелешкен күч-аракетти жумшай турганыбызга ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт, ишмердигине ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

 «Бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн татаал шарттарында эзелтен бери кадырлап келген бул майрамдын жаратмандык руханий башаттары жана идеалдары өзгөчө мааниге ээ болууда.

Ноорузга мүнөздүү болгон достуктун жана бир туугандыктын, өз ара урматтоонун жана колдоонун салттары бүгүн бизди тынчтыкты, бакубаттуулукту жана элдерибиздин мыкты келечегин мындан ары бекемдөө үчүн ар тараптуу биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого үндөйт.

Биздин өлкөлөр жаңы үмүт жана умтулуулар менен Нооруз майрамынын өчпөс баалуулуктарын карманып, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелерин мындан ары да кеңейтип жана өнүктүрөөрүнө ишенем», - деп айтылат Тажикстандын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана жаңы ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Сауд Аравия Королдугунун Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана өлкө элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Нооруз майрамына карата Улуу Даражалуу Сизди чын жүрөктөн куттуктап, чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми Кыргызстандын Өкмөтүнө жана боордош элине мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнү каалайбыз», — деп айтылат куттуктоодо.

Сауд Аравиянын Мураскор ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдульазиз Аль Сауд да куттуктоосун жолдоду.

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джо Байден Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз - жаз майрамы менен куттуктады.

«Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын эли менен бирге бул күндү жакындары менен чогулуп, өткөнгө ой жүгүртүп, келечекке болгон үмүттөрүн кайрадан карап чыккан жаздын келишин куттуктайт. Азыркы жаңы перспективалар мезгилинде биз өкмөттөрүбүздүн ортосундагы өнөктөштүктү жана элдерибиздин ортосундагы достукту тереңдетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө умтулуубузду дагы бир жолу ырастайбыз. Нооруз майрамыңыз кут болсун!” - деп айтылат куттуктоодо.

Ошону менен бирге Джо Байден Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин келе жаткан Рамазан айы менен куттуктады.

Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Сизди байыркы Нооруз майрамынын – жаратылыштын кайра жандануу мезгилинин келиши менен чын дилимден куттуктайм. Бул күн миңдеген жылдар бою сүйүүнүн жана боорукердиктин символу болуп, жүрөктөрдү ойготуп, жаңылануунун жарчысы катары келе жатат.

Куттуу майрам элдерибиздин жашоосуна өзгөрүүлөрдү алып келип, жалпы тарыхый жана маданий байланыштарды эске салып, аны менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди кеңейтип, тереңдете алабыз, деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.

Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми дос жана боордош Кыргыз Республикасынын элине бакыт, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK