Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы саясат мекемелеринин башчылары Бишкекте жолугушту

2019-жылдын 6-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, чек арага жакын кызматташтыктагы, ошондой эле ушул жылга пландаштырылган эки тараптуу иш-чараларды уюштуруп, өткөрүүнүн актуалдуу маселелери каралды.

Тараптар эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде мындан мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүн карап чыгышты, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде өз ара пайдалуу мамилелерди андан ары кеңейтүү жана тереңдетүү максатында биргелешип иш алып барууга бекем ниетин билдиришти.

А.Камилов Кыргызстанга ЕС-БА тышкы иштер министрлеринин Жолугушуусуна катышуу үчүн келди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK