Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2020-жылдын 9-майындагы маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматына ылайык, Россия Федерациясынын Оренбург облусунун администрациясы бул аймакта өзүн-өзү изоляциялоо режимин сактоо негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандарын Казакстан Республикасынын чек арасы ачылганга чейин Оренбург облусунун Бузулук районундагы балдар лагерине убактылуу жайгаштыруу чечимин чыгарды. 

Оренбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу жана диаспора активисттери жарандарды аталган балдар лагерлерине жайгаштыруу максатында Соль-Илецк шаарынан Бузулук шаарына келишти. 

Бузулук шаарынын жанында 70ке жакын КР жарандары бар. Аларды балдар лагерлерине жайгаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Оренбург шаарындагы Ардактуу консулу жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте иш алып барууда. 

Ошол эле учурда, КР жарандарынын айрымдары балдар лагерлерине баруудан баш тартып, жерге чатырларды орнотууну талап кылып жатышкандыгын белгилейбиз.

Ушул жылдын 7-майында Соль-Илецк шаарынан 541 жараныбыз казакстан тарабы түзүп берген бир жолку акциянын алкагында транзит коридордон өтүп, Кыргызстанга келишкен жана медициналык байкоого алынышкан. КР ТИМ жарандарыбыздын Соль-Илецк шаарынан алынып келиши РФ аймагындагы башка жарандарыбыздын россия-казакстан мамлекеттик чекарасы тарапка баруусуна түрткү болбошу керектигин буга чейин да маалымдаган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK