КР ТИМинин ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн “Сахарово” көп функционалдуу миграциялык борборунда өзүнчө кирүү уюштурулганы жөнүндө маалыматтык билдирүүсү

Министрлик 2022-жылдын 19-февралынан тартып Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Москва шаарынын “Сахарово” көп функционалдуу миграциялык борборунда (ММБ) «2А» өзүнчө кирүү уюштурулганын маалымдайт.

Бул чара Кыргызстандын жарандарына узун кезекти айланып өтүп, Көп функционалдуу миграциялык борбору тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды (медициналык кароодон өтүү, манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу, каттоо ж.б.) тез алууга жеңилдик берет.

Кыргыз тарап Россия тарабына маселени тез арада чечкени үчүн ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK