Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 7-мартындагы маалыматтык билдирүүсү

Украинанын аймагында өзгөчө кырдаалдын киргизилгендигине байланыштуу, Украинанын аймагынан чыгууну каалаган Кыргызстандын жарандарын үчүнчү мамлекеттер аркылуу эвакуациялоонун алкагында КРнын Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

2022-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын 35 жараны (булардын ичинен 13 жаш балдар, 22 чоң адам) Кыргызстандын Украинадагы Элчилигинин кызматкерлеринин коштоосу менен Элчилик тарабынан атайын уюштурулган автобуста Львов шаарынан Польшага эвакуацияланды.

2022-жылдын 6-мартында түркия тарабы менен бекилген келишимге ылайык Молдова-Румыния-Болгария багыты боюнча Украинадан келген 45 адам Түркиянын чек арасынан өттү. Белгилей кетсек, 5-мартта Болгариянын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмсатынын директору менен байланышып, биздин жарандар үчүн жашыл коридор тууралуу маселе чечилген.

Бүгүн, ушул жылдын 7-мартында дагы 25 Кыргыз Республикасынын жараны. алар Молдовадан Түркияга автобус менен кетишет, ал жерден бардык жарандар мекенине андан ары баруу үчүн жолдо жүрүү документтерин ала алышат.

Министрлик жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы, Венгриядагы, Германия Федеративдүү Республикасындагы, Түркия Республикасындагы, Беларусь Республикасындагы Элчиликтери, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Польшада, Румынияда жана Венгриядагы Кыргызстандын Ардактуу консулдугу тарабынан Украинадан мекендештерибизди үчүнчү мамлекеттердин аймагы аркылуу Мекенине кайтып келүүсүнүн коопсуздугун камсыздоо, убактылуу турак-жай жана тамак-аш менен камсыз кылуу, ошондой эле муктаж болгон жарандарды тийиштүү документтер менен камсыздоо иштери улантылууда.

Бүгүнкү күнү алдын ала маалымат боюнча, Украинанын аймагында жүргөн жарандардын өздөрүнөн жана алардын жакындарынан түшкөн чалууларга ылайык, биздин мекендештер дагы эле Украинанын шаарларында калышууда жана алардын дээрлик ар бири менен КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти жана Элчилик туруктуу байланышта.

Ошону менен бирге активдүү согуштук аракеттер жүрүп жаткан шаарларда жүргөн Кыргызстандын жарандарына атайын коргонуучу жайларда болууну сунуштайбыз.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын дагы эскертип кетебиз.

Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348, ошондой эле Элчиликтин «WhatsApp» тобу;

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;

+996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK