Информационное сообщение МИД КР от 01.06.2020года

АКШдагы акыркы тополоңдорго байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.

Министрликтин алдын-ала маалыматтарына ылайык, башаламандыктардын натыйжасында каза болгондор, жабыркагандар же кармалгандар арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Министрлик жана Кыргыз Республикасынын Вашингтондогу элчилиги Америка Кошмо Штаттарындагы учурдагы кырдаалды көзөмөлдөөнү улантууда жана АКШда жүргөн мекендештерибизди сактык чараларын көрүп, эл көп чогулган жерлерден оолак болууга үндөйт.

Ушул окуялардын натыйжасында курман болгон, жабыркаган же кармалган Кыргызстандын жарандары жөнүндө маалыматыңызболсо, тез арада Элчиликке kgconsulate.washington@mfa.gov.kg же kgembassy.usa@mfa.gov.kg электрондук почталары аркылуу билдирүүнү суранабыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK