Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын 10-январына карата маалыматтык билдирүүсү

КРнын Тышкы иштер министрлиги Казакстан Республикасындагы кырдаалга байланыштуу КРнын жарандарына жардам көрсөтүү боюнча маалыматты тез арада коомчулукка жеткирүү максатында төмөндөгүлөрдү билдирет.

Казакстандагы КРнын жарандарынын баш аламандыктарга катышты деп шектелип, кармалышы боюнча:

- КРнын жараны Викрам Рузахунов КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулу Н.Ариповдун катышуусунда бекитилген жол-жоболордон кийин бошотулду;

-КРнын жараны Юбуров Закирдин жана башка КРнын жарандары башка кармалгандыгы боюнча азыркы кезде консулдук-укуктук жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, тактап айтканда,  казакстан тарабына бул жарандардын кармалгандыгы жана атайын текшерүүчү жол-жоболордон кийин бошотууну өтүнгөн Нота жөнөтүлдү;

- Шымкент шаарында КРнын 38 жаранынын кармалышы боюнча казакстан тарабы текшерүү иш-чараларынын алкагында тешерүү жүрүп, бошотулган.

Казакстанда баш аламандык учурунда каза болгон КРнын жарандары боюнча:

- 2022-жылдын 7-январында Алматы шаарында КРнын жараны 1989-жылы туулган А.М. каза болгондугу тастыкталган. КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу туугандары менен байланышкан, Казакстандын укук коргоо органдары анын өлүмү боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө;

- КРнын башка жарандарынын массалык баш аламандыктарда каза болгон фактылары боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK