КР ТИМнин 2023-жылдын 14-февралына карата маалыматтык билдирүүсү

Түркиянын бир катар провинцияларында болгон жер титирөөлөрдүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында төмөндөгүлөр билдирилет.

Министрлик Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы чет өлкөлүк мекемелери менен биргеликте табигый кырсыктын кесепетинен каза болгон Кыргызстандын жаранынын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыкты.

2023-жылдын 14-февралында «жүк-200» Кыргызстанга алынып келинип, Жалал-Абад облусуна жерге берүү үчүн туугандарына өткөрүлүп берилген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK