Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 16-февралындагы Казакстан Республикасындагы аба ырайынын начарлашына байланыштуу маалыматтык билдирүүсү

Казакстан Республикасында аба ырайынын начарлашына байланыштуу Министрлик Кыргызстандын жарандарына Казакстанга, ошондой эле Россия Федерациясына автомобиль жолдору боюнча баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт.

Казакстан сегментиндеги жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылган маалыматка ылайык, республикалык маанидеги автожолдордун 100 участкасында 16 облуста транспорт кыймылына чектөө киргизилди. Абай, Акмола, Актобе, Алматы, Атырау, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Жетисуу, Батыш Казакстан, Караганда, Костанай, Кызылорда, Павлодар, Түндүк Казакстан, Туркестан жана Улытау облустарында жолдор жабык.

Министрлик Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмү менен биргеликте мекендештерибиздин абалын көзөмөлдөп турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK