КР ТИМинин 2022-жылдын 17-февралына карата маалыматтык билдирүүсү

Министрлик 2021-жылдын 29-декабрында «РФда чет өлкөлүк жарандарынын укуктук абалдары жөнүндө» Федералдык мыйзамына жана «РФда мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө» Федералдык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» РФнын 2021-жылдын 1-июлундагы 274-ФЗ Федералдык мыйзамы күчүнө киргенин маалымдайт.

Ошентип 2021-жылдын 29-декабрында Россияда чет өлкөлүк жарандарынын, анын ичинде КР жарандарынын медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүсүн, ошондой эле дактилоскопиялык каттоосун жана сүрөткө түшүүсүн караган жаңы миграциялык эреже киргизилди, андыктан Элчилдик төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Тилекке каршы, жыл башынан тарта жогоруда аталган жол-жоболордон өтүүнүн кыйынчылыктары байкалууда. Азыркы убакта Москвага жана Москва областына келген КР жарандары үчүн бардык милдеттүү жол-жоболор Москванын жана Москва областынын көп функционалдуу миграциялык борборлорунда жүргүзүлүп жатат, ал жерлерде көптөгөн кезек күтүүлөр жаралууда.

Анын үстүнө, 2022-жылдын 26-январындагы Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий билдирүүсүнө ылайык медициналык күбөлөндүрүүчү жол-жоболорду Москва Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-сентябрындагы №1517-ПП Токтомунда аныкталган 17 медициналык мекемелерде да өткөрүүгө болот.

Андан тышкары Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен белгиленген (үч айлык) мөөнөт документтерди аймактык ички иштер органына берүү үчүн анын жарамдуулук мөөнөтүн карары жана ал эч качан 3 айда 1 жолу күбөлөндүрүүдөн өтүү зарылдыгын билдирбестиги белгиленген.

Министрликтин тапшырмасы боюнча Элчилик тарабынан комплекстүү чаралар, анын ичинде аталган жол-жоболорду өткөрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча дипломатиялык иштер кабыл алынууда.

Атап айтканда 2022-жылдын февралында КРнын РФдагы Элчиси Г-К.Саматтын РФ Президентинин Администрациясында Госдуманын жана Совет Федерациянын депутаттары, ошондой эле Россия ТИМинин жетекчилиги менен, ошондой эле КРнын РФдагы Элчилигинин Консулу А.Букалаевдин Россиянын ИИМинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуулары өткөрүлдү. 

Жолугушуулардын жүрүшүндө РФнын миграциялык мыйзамдарынын жаңы талаптарын ишке ашырууда пайда болгон көйгөйлүү маселелер, ошондой эле аларды жөнгө салуунун мүмкүн болгон жолдору талкууланды. 

Андан тышкары 2022-жылдын 12-январында КРнын РФдагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк жарандарын медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүүгө укук алган Москва шаарынын медицина мекемелеринин иштерине мониторинг жүргүзүү жүзөгө ашырылды.

2022-жылдын 24-январында РФнын ТИМине КРнын РФдагы Элчилигинин Нотасы жөнөтүлдү, анда жол-жоболордон өтүүдө КР жарандары туш болуп жаткан бардык ачыкка чыккан көйгөйлөр жана кыйынчылыктар белгиленген. Россия тарапка бир катар сунуштар киргизилди.

2022-жылдын 28-январында жол-жоболордон өтүүгө байланышкан татаал кырдаал жөнүндө, ошондой эле Россияга Кыргызстандын жарандарынын легалдуу келишине тоскоол жаратуучу көйгөйлүү маселелерге көңүл буруу өтүнүчү менен РФнын ички иштер министри В.Колокольцевдин дарегине КРнын РФдагы Элчиси Г-К.Саматтын кайрылуусу жөнөтүлдү.   

2022-жылдын 11-февралында КРнын РФдагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери тарабынан жол-жоболорду өткөрүүнүн тартиби менен таанышуу максатында Москва областынын Сахарово поселогундагы көп функционалдуу миграциялык борборго баруусу болду.

2022-жылдын 17-февралында РФнын ТИМине медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүсү, дактилоскопиялык каттоо жана сүрөткө түшүү боюнча РФнын ыйгарым укуктуу мекемелеринде, анын ичинде «Сахарово» Миграциялык борбордо ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттеринин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен КРнын РФдагы Элчилигинин Нотасы жөнөтүлдү.

Министрлик жана Элчилик РФнын мыйзамдарына ылайык медициналык күбөлөндүрүүдөн, дактилоскопиялык каттоодон өтүү жол-жобосун жөнгө салуу жана жөнөкөйлөштүрүү боюнча россия тарап менен үзгүлтүксүз иштерди улантып келүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK