КР ТИМинин 2023-жылдын 17-сентябрына карата маалыматтык билдирүүсү

2023-жылдын 16-сентябрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн.

Түркия Республикасынын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта 4 адам болгон, алардын үчөө Кыргыз Республикасынын жараны. Учурда бир Кыргыз Республикасынын жараны ооруканада, калган жарандар боюнча издөө иштери уланууда.

Башкы консулдуктун кызматкерлери окуя болгон жерге, кырсыктын чоо-жайын тактап, Кыргызстандын жарандарына керектүү жардамдарды көрсөтүү максатында жолго чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги жана Стамбулдагы Башкы консулдугу Измирдеги тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жана бул маселе алардын өзгөчө көзөмөлүндө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK