КР ТИМинин 2022-жылдын 19-февралына карата маалыматтык билдирүүсү

Социалдык тармактарда Россиянын ИИМинин Москва шаарынын Кунцево районундагы бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалып турган делген белгисиз жарандын, ал жерде чет элдик жарандарды мыйзамсыз кармап жаткандыгы тууралуу кыргыз тилинде айтып жаткан видеотасма тараганына байланыштуу, Министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.

18-февралда Кыргыз Республикасынын Элчилигинин кызматкерлери Россиянын ИИМинин Кунцево районундагы бөлүмүнө барышкан. ИИМинин Кунцево бөлүмүнүн өкүлүнүн маалыматына ылайык, барган учурда милиция бөлүмүндө ошол эле күнү алынып келинген төрт жаран болгон. Маалым болгондой, мурда милиция бөлүмүнө жеткирилген КРнын жарандары тактоо иш-чараларынан кийин административдик жоопкерчиликке тартылып, бир катар жарандар бошотулган. Видеодогу жарандардын жеке маалыматтары тууралуу кабар жок болгондуктан, ошондой эле кадрларда жүздөрү көрүнбөгөндүктөн, алардын өздүгүн аныктоого мүмкүн болгон жок.

Кыргыз Республикасынын Элчилигинин маалыматына ылайык, Москва шаарында чет элдик жарандардын мыйзамдуу жүрүшүн текшерүү боюнча рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Министрлик Россия Федерациясынын аймагында иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактоого чакырат. Алардын укуктары жана кызыкчылыктары бузулган учурда Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жана консулдук мекемелерине кайрылууга болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK