КР ТИМинин 2023-жылдын 19-октябрына карата маалыматтык билдирүүсү

2023-жылынын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартиби жөнүндө Жобо бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жаңы жүрүү тартиби Евразия экономикалык бирлигининин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандарына да тиешелүү экенин белгилейт.

Атап айтканда, аталган мамлекеттердин жарандары өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир жүз сексен күндүк мезгил ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө уруксат документтерин тариздөө зарылдыгы жок Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсү мүмкүн.

Демек, чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагында узак мөөнөттүү (90 күндөн ашык) жүрүүсү үчүн чет өлкөлүк жарандын келген максатына (үй-бүлөсү менен биригүү, окуу, иштөө ж.б.) жараша жүрүүгө укук берүүчү документтерди тариздөө үчүн ыйгарым укуктуу органдарга кайрылуусу зарыл.

Мындай документтерге: жашаган жери боюнча каттоо, жашап турууга уруксат, убактылуу жашоого уруксат, ошондой эле "Кайрылман" же "Мекен-карт"статусу кирет.

Министрлик Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Грузиянын, Азербайжан Республикасынын, Молдова Республикасынын жарандарын каттоо алты айдан ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөрүн эскертет.

Чет өлкөлүк жарандардын жашы жете элек балдарын жана жарандыгы жок адамдарды каттоо алардын ата-энелерин, камкорчуларын жана башка мыйзамдуу өкүлдөрүн каттоо менен бир убакта жүзөгө ашырылат.

Көрсөтүлгөн документтерди тариздөө боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн жакынкы калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же колл-борбордун: 119 телефону боюнча кайрылса болот.

Кыргыз Республикасынын миграциялык режимин бузбоо үчүн белгиленген эрежелерди сактоо зарылдыгына чет өлкөлүк жарандардын көңүлү бурулууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK