КРнын ТИМинин 2022-жылдын 2-июлуна карата маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясындагы укуктук абалына жана ал аймакта мыйзамдуу туруусун камсыздоо маселеси боюнча 2022-жылдын май айындагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин россия тарабы менен жүргүзүлгөн иштин натыйжасында мурда Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын жарандарынын тизмеси кыйла кыскартылды.

Натыйжада, Россияда “майда” административдик укук бузууларды жасаган 47 миңдей кыргызстандыктын Россия Федерациясынын аймагына кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынды.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын 35 миңге жакын жараны Россияга кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесинде калууда, алардын ичинде россиялык соттордун чечиминин негизинде Россиядан чыгарылгандар бар.

Кыргызстандын жарандары өздөрүнүн статусун Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтындагы “Чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок жактардын Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынгандар үчүн негиздерди текшерүү” аталган кызмат блогунан текшере алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK