КРнын ТИМинин 2022-жылдын 21-июлуна карата маалыматтык билдирүүсү

09.03.1961-ж. туулган кыргызстандык Саматов Нумонжон менен социалдык тармактарга жарыяланган видеого байланыштуу КР Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги Казакстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте Н.Саматовдун жашаган жерин аныктап, убактылуу турак-жай менен камсыз кылган.

Өз кезегинде Элчилик анын кичүү эжелери С.М. жана РФнын Ивантеевка айылында жашаган С.М. Маалым болгондой, Н.Саматов Казакстан Республикасында 2006-жылдан бери болуп, коомдук тамактануу тармагында ашпозчу болуп иштеген. Анын өздүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок. Документтери жок болгондугуна байланыштуу министрлик жана элчилик учурда бул адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүү экендигин тактоо жана мүмкүн болгон документтештирүү жана Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Министрлик менен элчилик бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK