КР ТИМинин 2022-жылдын 22-июнуна карата маалыматтык билдирүүсү
Афганистандын чыгышында болгон жер титирөөгө байланыштуу Министрлик төмөндөгүнү маалымдайт:
Кыргыз Республикасынын Афганистан Ислам Республикасындагы Элчилигинин маалыматы боюнча каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.
Афганистандын табигый кырсыктарды башкаруу министрлигинин маалыматы боюнча 1000дей адам каза болуп, 600дөн ашууну жаракат алган.