КР ТИМинин 2022-жылдын 23-июнуна карата маалыматтык билдирүүсү

Министрлик 1973-жылдын 29-сентябрында туулган Кыргыз Республикасынын жараны Т.М.Онун Россия Федерациясынын Иркутск облусундагы Бодайбо шаарында каза болгондугу тууралуу факты боюнча төмөндөгүлөрдү маалымдайт. 

Жаран 2022-жылдын 17-майында Бодайбо шаарына ЖАКна кен байлыктарды казуу боюнча «Артель Старателей Витим» компаниясына иштөө үчүн барган.

2022-жылдын 17-июнунда ден соолугунун начарлашына байланыштуу Т.М Перевоз айылындагы ооруканага жаткырылган, 22-июнда ошол эле ооруканада каза болгон. 

Азыркы кезде казал болгон жарандын сөөгү Бодайбо шаарындагы өлүкканага жеткирилүүдө. Ал жерден каза болуусунун себептерин аныктоо үчүн соттук-мадициналык экспертиза дайындалат.

Элчиликтин Иркутск шаарындагы Кеңсеси каза болгон жарандын туугандары жана жогоруда белгиленген «Артель Старателей Витим» компаниясынын өкүлдөрү менен байланышта, ошондой эле сөөктү мекенине алып кетүү боюнча керектүү жардам көрсөтүлүүдө. 

Маселе Министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK