КР ТИМинин 2023-жылдын 25-августуна карата маалыматтык билдирүүсү

Министрлик, 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун практикалык ишке ашырылышынын башталышы жөнүндө маалымдайт.

Протоколго ылайык, 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандары башка жол жүрүү документтери менен бирге эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-карта менен колдоно алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK