Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын 25-февралындагы маалыматтык билдирүүсү

Украинада аба байланыш боюнча чек араларынын жабылышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Украинанын аймагында өзгөчө кырдаал киргизилгендигинен улам Украинанын аймагынан чыгууну каалаган КРнын жарандарын эвакуациялоо маселеси иштелип чыгууда. 
Болгон маалыматка ылайык Украинада 1357 Кыргыз Республикасынын жараны бар, алардын ичинен 680 жаран Элчиликте консулдук каттоодо турат.
Учурда КРнын Тышкы иштер министрлигине жана Кыргызстандын Украинадагы Элчилигине Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү каалаган 300дөн ашуун жаран кайрылды. 
Азыркы учурдагы негизги милдет - КРнын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, жарандар менен КРнын Украинадагы Элчилиги үзгүлтүксүз байланышууда жана тийиштүү түшүндүрмө кеңештер берилүүдө. 
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын да эскертип кетебиз.
Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:
+380997573413, 
+380442370346, 
+380442370348, ошондой эле Элчиликтин  «WhatsApp» группасы ;
КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти
+996 551 312 000 - түз байланыш номери;
+996 703 428 865
+996 709 983 465
++996 554 065 215.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK