Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын 25-февралындагы маалыматтык билдирүүсү

Украинада кырдаалдын курчушуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Украинанын аймагында өзгөчө кырдаал киргизилгендигинен улам Украинанын аймагынан чыгууну каалаган КРнын жарандарын үчүнчү өлкөлөр аркылуу эвакуациялоо маселеси иштелип чыгууда.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо зарылыдыгынан улам кооптуу эмес турак жайларда жайгашкан КРнын жарандарын Кыргызстандын Украинадагы Элчилигине Киев шаары, Печерский р-н, Редутный көчөсү 19/34 дареги боюнча чогултуу ишке ашырылууда.

Ошону менен бирге коопсуз турак жайларда жашаган мекендештерибизге жайгашкан жеринде калууну сунуштайбыз.

Украинанын аймагынан чыгууну каалаган жарандарды төмөндөгү байланыш телефондорго кайрылууну суранабыз.

Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348, ошондой эле  Элчиликтин «WhatsApp» группасы;

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;

+996 703 428 865

+996 709 983 465

++996 554 065 215.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK