Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 26-мартындагы маалыматтык билдирүүсү

“Крокус сити холлдогу” теракт иши боюнча дагы бир шектүү жаран Кыргызстанда туулган деген массалык маалымат каражаттарында жарыяланган маалымат тууралуу Тышкы иштер министрлиги төмөнкүнү билдирет.

Кыргызстанда туулган А.К. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдагы Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгып кеткен.

Ушуга байланыштуу, аталган жарандын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн жана консулдук мекемелердин компетенциясына кирбейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK