Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 27-февралындагы маалыматтык билдирүүсү

2024-жылдын 27-февралына карата Бишкек ТЭЦиндеги авариянын жана аскердик тик учактын кыйрашынын кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркияда тиешелүү дарылануудан өтүп жаткан кыргыз жарандарынын абалы туруктуу.
Түрк дарыгерлеринин маалыматы боюнча, күйүк алган эки бейтап айыгуу стадиясында. Жакынкы күндөрү пластикалык операциядан кийин аларды реанимациядан жалпы палатага которуу пландалууда.
Тик учактын кулашынан жабыркаган Кыргыз Республикасынын эки жараны пландуу операциялардан кийин травматология бөлүмүндө жатышат. Дарыгерлер алардын абалын жакшыртуу үчүн тиешелүү дарылоону жүргүзүп жатышат.
Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары жана дарыгерлер менен дайыма байланышта болуп, ошондой эле бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү улантууда.
Аталган маселе Министрликтин жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK