КР ТИМинин 2022-жылдын 28-февралындагы маалыматтык билдирүүсү

Украинада аба байланыш боюнча чек араларынын жабылышына байланыштуу, КРнын Тышкы иштер министрлиги Украинанын аймагында өзгөчө кырдаал киргизилгендигинен улам Украинанын аймагынан чыгууну каалаган КРнын жарандарын эвакуациялоо иштерин улантууда.

2022-жылдын 28-февралында Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө (Киев убактысы боюнча 13:00) Кыргызстандын 107 жаранынан (68 чоң адам, 5 студент, 34 жашы жете элек) турган биринчи эвакуациялык колонна Киев шаарынан Украина менен Венгриянын чек арасына автобус менен жөнөп кетти. Бул чыгуу КРнын Украинадагы элчилиги тарабынан КРнын Харьков шаарындагы ардактуу консулу Вадим Туманяндын жардамы менен ишке ашты. Элчиликтин кызматкерлери КРнын жарандарын бардык каттам боюнча коштоп жүрүшөт.

Украина-Венгрия чек арасынан өтүү маселеси КРнын Венгриядагы элчилиги менен биргеликте жүргүзүлүүдө. КРнын Венгриядагы элчилигинин кызматкерлери Венгрия-Украина чек арасында жарандарды тосуп алып, керектүү жардамдарды көрсөтүшөт.

КРнын жарандарын Венгрия-Украина чек арасынан Будапешт эл аралык аэропортуна жеткирүү КРнын Венгриядагы элчилиги тарабынан жана КРнын Венгриядагы ардактуу консулу Эндр Эрдоштун жардамы менен уюштурулган.

2022-жылдын 28-февралына карата Украинадан чыгып кеткен КРнын жарандардын ичинен 12 Польшада, 16 жаран Молдовада, 6 жаран Румынияда.

КРнын Харьков шаарындагы Ардактуу консулу Вадим Туманяндын аракетинин аркасында 2022-жылдын 27-28-февралында 18 КРнын жараны Харьков шаарынан Львов шаарына поезд менен жөнөтүлгөн. КРнын Ардактуу консулу В.Туманян КРнын жарандарына мындан ары Львовдо болуу жана чек арадан өтүү боюнча сунуштар берилет. Харьков шаарындагы темир жол станциясынын жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын бардык жарандары Львов шаарына жөнөтүлөт деген макулдашууга жетишилди.

КРнын Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле КРнын Украинадагы жана Венгриядагы элчиликтери тарабынан КРнын жарандарын Украинанын аймагынан алып чыгууну уюштуруу боюнча иштери улантылууда.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын эскертет.

Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348, ошондой эле Элчиликтин «WhatsApp» тобу;

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;

+996 703 428 865

+996 709 983 465, +996 554 065 215.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK