Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 3-мартындагы маалыматтык билдирүүсү

Украинанын аймагында өзгөчө кырдаалдын киргизилгендигине байланыштуу, Украинанын аймагынан чыгууну каалаган Кыргызстандын жарандарын үчүнчү мамлекеттер аркылуу эвакуациялоонун алкагында КРнын Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

2022-жылдын 3-мартында 36 Кыргызстандын жараны (алардын ичинде 13 жашы жете электер, 23 чоң адамдар) Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин кызматкерлеринин коштоосунда  Киев шаарынан Львов аркылуу украин-венгер чек ара багытында автобус менен чыгышты. Транспортко кеткен чыгымдар Элчиликтин каражатынын эсебинен жабылууда.

Украин-венгер чек арасын кесип өтүү маселеси КРнын Венгриядагы Элчилиги менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Министрликтин тапшымасы боюнча КРнын Венгриядагы Элчилиги Будапешт шаарында мейманкана жана тамак-аш менен камсыз кылып жана башка зарыл жардам көрсөтүүдө.

Польша тарап менен макулдашууларга ылайык, Кыргызстандын жарандары Харьков шаарынан Львов шаарына темир жол аркылуу бекер бара алышат.

Украинанын аба байланыш чек араларынын жабылышына байланыштуу, жарандарды эвакуациялоодогу кыйынчылыктарга карабастан, КРнын Тышкы иштер министрлиги Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо маселесин ишке ашырууну улантууда.

Ошону менен бирге активдүү согуштук аракеттер жүрүп жаткан шаарларда жүргөн Кыргызстандын жарандарына атайын коргонуучу жайларда болууну сунуштайбыз.

Киев шаарындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүүгө, анын ичинде аларды эвакуациялоого байланыштуу ишин мындан ары Украинанын батыш бөлүгүндө улантат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды алуу үчүн түз байланыш телефондору иштеп жаткандыгын дагы эскертип кетебиз.

Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348, ошондой эле Элчиликтин «WhatsApp» тобу;

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;

+996 703 428 865

+996 709 983 465, +996 554 065 215.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK