КР ТИМдин 2024-жылдын 7-июнуна карата маалымат билдирүүсү

2024-жылдын 29-майында Тажикстандын Согди облусунун Канибадам районундагы Санджидзор айылынын 3 тургуну, тажик жарандары - этникалык кыргыздар, каза болгондугуна байланыштуу ата-энесинин кароосуз калган 3 жашы жете элек балдарын Кыргызстанда жашаган туугандарынын камкордугуна өткөрүп берүү маселеси боюнча, Министрлик төмөндөгүнү маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы Элчилиги аталган маселе боюнча тийиштүү Тажикстандын мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, ошондой эле Министрлик Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен биргеликте жашы жете элек балдарды (Тажикстан жарандары, этникалык кыргыздар) Кыргыз Республикасында жашаган туугандарынын (Кыргызстандын жарандары) камкордугуна алуу боюнча зарыл иштерди жүргүзүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK