КР ТИМинин 2023-жылдын 7-августуна карата маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгынын аймагына кирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселесин иштеп чыгуунун, ошондой эле сауд тарабы менен өткөрүлгөн ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн алкагында Сауд Арабия Падышалыгынын Өкмөтү Кыргызстанды туризм, умра, бизнес, туугандар жана достор менен көрүшүү максатында Падышалыкка баруу үчүн конок (электрондук) визасын алуу мүмкүнчүлүгү берилген чет мамлекеттердин тизмесине киргизүү тууралуу чечим кабыл алды.

Конок визасын https://visa.visitsaudi.com/ онлайн порталы аркылуу же Сауд Арабиясынын эл аралык аэропортторуна келгенден кийин алууга болот.

Электрондук виза (eVisa) – бул бир жылдык мөөнөткө берилүүчү көп жолку виза, ал өлкөгө киргендерге Саудияда 90 күнгө чейин жүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул виза туризмге байланыштуу иш-чараларга катышууга, үй-бүлөгө жана туугандарга барууга, эс алууга жана умра зыяратын аткарууга (ажылыктан тышкары) мүмкүнчүлүк берет, бирок окуу жана иштөө сыяктуу ишмердүүлүктөргө уруксат бербейт.

Айыптардан качуу үчүн өлкөгө кирүүчүлөр визада көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Сауд Арабиясынан чыгып кетүүгө тийиш.

Толук маалымат https://visa.visitsaudi.com/ сайтында.

Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясындагы Элчилиги жарандарды Сауд Арабияга барар алдында өлкөдө болуу эрежелери жана шарттары менен кылдат таанышып чыгууну өтүнөт.

Сүрөт архивден алынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK