Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Москва шаарынын Таган районунда кыргызстандыктардын катышуусунда болгон массалык мушташ тууралуу маалыматтык билдирүүсү

2022-жылдын 9-январында Москва шаарынын Таган районунда кыргызстандыктардын катышуусунда болгон массалык мушташтан улам ИИМдин Таган райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы төрөлгөн Кыргыз Республикасынын жараны кармалып жана эки жараны административдик жоопкерчиликке тартылган.

Элчиликтен тиешелүү суроо-талап Ички иштер министрлигинин Таган райондук бөлүмүнө жөнөтүлдү. Маселе Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көзөмөлүндө турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK