Кыргыз Республикасына келип жаткан Пакистан Ислам Республикасынын жарандарынын саны көбөйүп кеткендиги тууралуу маалыматтык билдирүү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасына келип жаткан Пакистан Ислам Республикасынын жарандарынын саны көбөйүп кеткендиги тууралуу коомдук тармактарда жайылып жаткан мааалыматтарды эске алып, төмөнкүнү билдирет.

Адатынча Пакистандын жарандары Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуу максатында Кыргыз Республикасына келишет.

Ошону менен бирге, чындыгында эле, 2021-жылдын июль айынын ортолорунан баштап Кыргыз Республикасынын визаларын алуу үчүн Пакистандын жарандары тарабынан көптөгөн кайрылуулар түшүп жаткандыгы байкалган. Кайрылуулардын орчундуу бөлүгү “Электрондук виза” порталына келип түшүүдө.

Пакистан жарандары келүү максаты туризм экендигин билдиришип, 30 күнгө чейинки бир жолку туристтик визаны алышууда. Маалымат катары белгилей кетсек, 2021-жылдын июль-август айларында “Электрондук виза” системасы аркылуу Пакистан жарандарына 7,5 миңге жакын туристтик виза берилген.

Ошол эле учурда, аларга карата чектөөлөр киргизилген адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө жол бербөө жана көзөмөлдөө максатында, “Электрондук виза” порталы аркылуу түшүп жаткан бардык кайрылуулар милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуунун негизинде карала тургандыгын белгилей кетүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, 2021-жылдын июль-август айларында Кыргыз Республикасынын аймагында Пакистан жарандары тарабынан эч кандай укук бузуулар катталган эмес.

Пакистан жарандарына карата визалык режимди жөнөкөйлөтүү тууралуу айта кетсек, бул режим Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Кувейт, Катар, Бруней-Даруссалам, Оман Султанаты, Бахрейн жана Сауд Аравиясы (СА) сыяктуу мамлекеттердин жарактуу мөөнөттөгү жашап туруу уруксаты (резидент-карта) бар Пакистан Ислам Республикасынын жарандарына гана жайылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн жөнөкөйлөтүлгөн режимдин алкагында, бүгүнкү күндө Пакистандын 220 жаранына  Кыргыз Республикасынын визасы берилген.

Ошону менен бирге, үчүнчү өлкөгө чыгып кетүү максатында Кыргызстанга келип жаткан Пакистандын жарандары тууралуу коомдук тармактарда таркатылып жаткан маалымат боюнча түшүндүрмө алуу үчүн 2021-жылдын 23-августунда Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчисинин орун басары - консул Тарик Али (Tariq Ali) мырза Министрликке чакырылган.

Болуп өткөн жолугушууда пакистандык дипломат келип жаткан Пакистандык жарандардын көпчүлүк бөлүгү иштөө үчүн Бириккен Араб Эмираттарына жана Сауд Аравиясына учуп кете турган жарандар экенин тастыктады. Бул жагдай Пакистан менен аталган өлкөлөр арасында түз аба каттамы жок болгондугу менен байланыштуу. Кыргызстандан тышкары ушундай эле каттам Өзбекстан Республикасы аркылуу жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, ал чет мамлекеттерге чыгып жаткан Пакистандын жарандарынын баары “Sinopharm”, “AstraZeneca”, “Pfizer” жана “Спутник-V” препараттары менен эмдөөдөн өтүп жатышкандыгын билдирди. Ошону менен катар, “Pfizer” препараты менен вакцинациялан пакистандыктар Кыргызстанда 3-4 күндөй болуп, жакынкы каттамдар менен БАЭ жана Сауд Аравиясына кетип жатканы, ал эми башка вакцина менен эмдөөдөн өткөн жарандар Кыргызстандын аймагында 10-14 күндөй калып жаткандыгы маалымдалды.

Мындан тышкары, Пакистанда коронавирус илдети менен ооругандардын саны азайгандыгын эске алып, Эмираттардын узак мөөнөттөгү визаларын алган пакистандыктар үчүн БАЭ өзүнүн чек арасын ачкандыгы тууралуу Пакистандын Элчисинин орун басары билдирди. СА жакын арада чек арасын ачууну пландаштырып жаткандыгынан улам, Кыргызстанга келе турган пакистандык жарандардын агымы кескин азайышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, “COVID-19 инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу иш-аракеттеринин алгоритмине” ылайык, Кыргыз Республикасына кирүү үчүн бардык чет өлкөлүк жарандардан терс жыйынтыктагы ПЧР-тести (акыркы 72 саат ичинде) же COVID-19 илдетине каршы эмдөө алгандыгын тастыктаган документ (сертификат) талап кылынат.

Өзгөчө Афганистан Ислам Республикасындагы аскердик-саясий туруксуз абалды эске алып, аларга карата чектөөлөр киргизилген адамдардын жана ошондой эле башпаанек издеген топтордун Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө жол бербөө үчүн дипломаттык жана кызматтык визалардан (дипломаттарга жана расмий делегация мүчөлөрүнө) тышкары Афганистандын бардык жарандарына виза берүүгө чектөөлөр киргизилгендигин Мининстрлик белгилеп кетет.

Азыркы учурда Афганистандын жарандары болгон стунденттерге виза берүү маселеси макулдашуу стадиясында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK