2022-жылдын 25-августуна карата маалыматтык билдирүү

2022-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат Ульяновск облусунун губернатору А.Русских менен биргеликте 2022-жылдын 21-августунда Ульяновск районунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарын көрүү үчүн Чучкалов атындагы Ульяновск областтык медициналык жардамдын адистештирилген түрлөрүнүн клиникалык борборуна барды.

Анын жүрүшүндө жооптуу дарыгерлер Элчиге мекендештерди дарылоонун жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берип, бейтаптардын абалынын оң динамикасын жана алардын айыгып кетиши боюнча жагымдуу божомолдорду белгилешти.

Элчи жабыркаган жарандар менен сүйлөшүп, алардын ар бирине Кыргыз Республикасынын Президентинин Фондунан бөлүнгөн 300 миң сом өлчөмүндө акча каражатын тапшырды. Белгилей кетсек, каза болгондордун жакындарына убактылуу турак-жай бөлүп берүү маселеси да оң жагына чечилди.

Элчилик жарандарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү маселесин көзөмөлдөп турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK