БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген “Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы - биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору” деп аталган жаңы резолюцияны кабыл алуу боюнча маалымат

2021-жылдын 16-апрелинде, 75-сессиянын пленардык жыйынынын жүрүшүндө БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген “Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы - биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору” деп аталган жаңы резолюцияны бир добуштан кабыл алды.

Резолюцияны кабыл алууда, жалпы мамлекеттердин колдоосу менен катар, 60 мамлекет Кыргызстандын резолюциясына авторлош болушту: Афганистан, Армения, Азербайджан, Беларусь, Бутан, Боливия, Буркина-Фасо, Камерун, Борборафрика Республикасы, Чили, Кытай, Колумбия, Коста-Рика, Куба, Джибути, Доминика Республикасы, Египет, Экваториалдык Гвинея, Эфиопия, Гамбия, Гренада, Гватемала, Гвинея, Гайана, Индия, Япония, Иордания, Казакстан, Лаос, Ливан, Лесото, Малайзия, Мальдивы, Мавритания, Монголия, Марокко, Мозамбик, Науру, Непал, Никарагуа, Нигерия, Парагвай, Перу, Филиппины, Катар, Румыния, Россия Федерациясы, Руанда, Сент-Люсия, Сент-Винсент жана Гренадины, Сенегал, Сингапур, Таджикистан, Того, Тунис, Туркменистан, Өзбекистан, Вьетнам, Замбия, Зимбабве.

Резолюциянын негизги максаты – 2030 Күн тартибинин ишке ашыруу жана туруктуу өнүгүү принциптерине негизделген жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу менен биргелешкен иш-аракеттер аркылуу келечек муундарды таза, коопсуз жана туруктуу чөйрө менен камсыз кылуу боюнча биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо тармагында чек ара кызматташтыгын бекемдөө.

Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Биоартүрдүүлүк жөнүндө Конвенциясы, Көчүүчүлөрдүн Түрлөрү боюнча Конвенциясы, Рамсар Конвенциясы жана Германиянын Коргоо Союзу (NABU) сыяктуу бир катар глобалдык экологиялык уюмдар тарабынан оң бааланып колдоого ээ болду.

2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын бардык чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү долбоорду илгерилетүү боюнча кеңири эл аралык кампания жүргүзүштү, анын курамында аккредитация өлкөлөрүндө ар кандай форматтагы презентациялар, БУУга мүчө мамлекеттери менен долбоордун текстин макулдашуулар.

2020-жылы август айында Бишкекте коомчулук жана дипломатиялык корпус үчүн долбоордун Улуттук презентациясы болуп өттү.

Туруктуу өкүл Миргүл Молдоисаева, резолюцияны БУУнун Башкы Ассамблеясында презентациялоо учурунда, Кыргыз Республикасы 2030-Күн тартибин жана эл аралык экологиялык демилгелердин көпчүлүгүн толугу менен колдой тургандыгын белгиледи. Туруктуу өкүл Молдоисаева Кыргызстан сунуш кылган резолюцияны кабыл алуу менен дүйнө коомчулугунун алдында турган экологиялык көйгөйлөрдүн маанилүүлүгү жана туруктуу өнүгүү үчүн биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу боюнча биргелешкен чечимдерди табуу үчүн эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгынын тургандыгын баса белгиледи.

Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген резолюция, учурда эл аралык, регионалдык жана эки тараптуу деңгээлде актуалдуулугу өсүп жаткан,  экология жаатындагы БУУнун мучө-мамлекеттеринин чек аралык кызматташтык маселелерин камтыган аздан бир адистештирилген документтеринин бири болуп саналат.

Резолюциянын бир добуштан кабыл алынып, дүйнөнүн 60 мамлекетинин жаңы резолюцияга авторлош болушу - бул Кыргыз Республикасынын демилгесинин актуалдуулугун таануу жана эл аралык коомчулук тарабынан Кыргыз Республикасынын климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу өнүгүү маселелерин илгерилетүүдө колдоосун тастыктоо болуп саналат.

Резолюциянын кабыл алынышы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен байланышкан чакырыктарга каршы туруу боюнча глобалдык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдөгү Кыргыз Республикасынын позитивдүү, активдүү кадамы катары эсептелет.

Резолюция Кыргыз Республикасынын экология жаатында жогору бааланган ийгиликтүү демилгелеринин уландысы болду, алардын ичинде, ак илбирсти сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, Нью-Йоркто БУУнун алдында Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун түзүү ж.б.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK