Саат 13:00гө карата Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум өткөрүү боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда добуш берүүнү уюштуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында Бишкек убактысы боюнча саат 13-00гө карата сааттык алкактарынын айырмасын эске алуу менен добуш берүү 47 шайлоо участогунда жүрүп жатканын маалымдайт.

Добуш берүү акыркылар болуп КРнын Улуу Британиядагы Элчилигинин аймагындагы шайлоо участогу  (12-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 01-00дө) жана КРнын АКШдагы Элчилигинин аймагындагы шайлоо участогу (12-апрелде  Бишкек убактысы боюнча саат 06-00дө өз ишин аяктайт.

Чет өлкөлөрдөгү бардык УШКларда бүткүл элдик добуш берүүлөр мыйзамдардын алкагында жана бардык эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өтүүдө, кандайдыр бир мыйзам бузуулар байкалган жок.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK