Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу маалыматы

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги саат 12.30га карата абал боюнча (москва убактысы менен), Москвадагы Участкалык шайлоо комиссиясы өз ишин санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен штаттык режимде улантып жаткандыгын билдирет.

Көз карандысыз байкоочулар тарабынан участоктордо КРнын жарандарынын шайлоо укугун бузуулар катталган жок.

Учурда Москвада 5 участокто Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого – 2 501 КРнын жараны жана референдумга – 2 500 КРнын жараны добуш берди.

Жалпысынан, москва участокторундагы шайлоочулардын тизмесине 17 891 Кыргыз Республикасынын жараны катталган.

Жарандарга шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн табууга жана шайлоо комиссиясынын номерин аныктоого көмөк көрсөтүү максатында, ошондой эле  консультация берүү үчүн активисттердин, студенттердин жана кыргыз диаспораларынын жаштарынын арасынан 100дөн ашуун волонтерлор тартылган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK